www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын Аалы Туткучев калыс адамды издеп жүрүп, акыры тааптыр. Ал боюнча Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына мындай деп жазыптыр:

“Бул дүйнөдө адамдар да, айбандар да эмне себептен эркиндик үчүн күрөшөт? Менимче, калыстык жок үчүн го. А эмнеге калыстык жок? Калыс адамдар жок үчүнбү? Анда калыс адамдар кайда, биздин айланабызда барбы? Айтор, бул ойлордун тегерегинде ойлонуп отуруп, калыс адамды таптым. Ал биздин апаларыбыз экен. Апалар бар үчүн дүйнөнү калыстык, тынчтык сактап турат.

Энеден «кайсы балаңызды жакшы көрөсүз?» деп сурасаң, «Балдарымдын кимиси ооруп же кыйналып турса, ошонусун жакшы көрөм» деп жооп берет. Демек, калыстык деген алсызды аяп, бардыгынын укугун теңдөө тура.

Бир ирет апам борборго дарыланууга келип, менин үйүмдө жүрүп калды. Айылда менден улуу агамдын колунда тураар эле. Кошуналар бири-бирин тааныбаган шаардан чарчаганда неберелерин эстеп, «Баламдын бут кийиминен суу кирген жок болду бекен?» деп калат. Анысы  «Бут кийим алып бер !» деген сөзү. Катуу да айтпайт. Анан мен: «Өзүңүзгө кийим алыңыз» деп акча берсем, айылдагы неберелерине кийим алыптыр. «Апа, сиздин ата-энеңиз жок, небереңиздин ата- энеси жанында. А сиз эмнеге өзүңүзгө албай балдарыңызга алдыңыз?» десем, «Алар менин балдарым, аны мен багам. А сен элдин баласысың, сени эл багат. Элдин казынасы менин казынамдан алда канча бай эмеспи? Меники түгөнөт, элдики түгөнбөйт. Демек, сен тапканыңдан бөлүшүп турсаң калыстык болот, балам!» ,-дейт. Кагылып кетейин, Апа! Менин тапканым да, балдарым да, жадагалса өзүм да сиздикимин.

Менин апам Туткучева Сабира жети баланы төрөп, өстүргөн. 46 жашында атабыздан айрылып, ата ордуна ата да болду.

Үч жылдан бери «Баатыр эне» наамына документин жөнөтсөк, өтпөй калып жатты. «Карыныма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм» дегендей, күтүп отуруп томсоруп калуу жаман экен түшүнгөнгө. «Балдарым, тим эле койгулачы документти. Мен ансыз деле Баатыр энемин» деп апам көңүлдөнбөй калган.

Мына, бүгүн, өлкө боюнча 1618 энеге сыйлык тапшырылып, анын ичинен 18 энеге КР Президенти А.Ш.Атамбаев өзү тапшырды. Алардын арасында менин да апам бар. Кубанып турабыз! Чыныгы сыйлыкты Кудайым берсин!»,- деп Аалы Туткучев апасын куттуктап, сүрөттөрүн жайгаштырып, эл менен кубанычын бөлүшкөн.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости