www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгачкы Робокоп (Robocop) аттуу робот-полиция кызматкери расмий түрдө Дубайдын полиция кызматынын курамына алынды. Бул тууралуу кечээ, 21 -майда "Arabian Business" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта анын боюнун узундугу 170 сантиметр, салмагы 100 килограммды түзөрү айтылат. Робот эмоцияны аныктагыч менен жабдылгандыктан 1,5 метр алыстыкта турган адамдын жүзү, кыймыл-аракети кандай экенин биле алат.

Муну менен ал тартип бузуучуларды, кылмышкерлерди аныктайт. Робот жергиликтүү жайда навигатордун жардамы менен багыт алып, 6 тилде, анын ичинде англис жана араб тилдеринде сүйлөшө алат. Жарандар ал аркылуу кызмат акыларын да төлөй алышат.

Шаар көчөлөрүн жана соода жайларын күзөтүп жүргөн Robocop тиешелүү видео жазууларды тартып, аны менен тартипти коргоо кызматкерлерине кылмышкерлерди табууга жардам берет.

Дубай полиция кызматы билдиргендей, робот коомдук жайларда адамдарга жардам берүүгө, тартип бузгандарга чара көрүүгө жана шаардын коопсуздугун сактоого үндөйт.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости