www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз жоосун алган Алмаз сөйкөлөр

Швейцарияда аукцион аркылуу сатууга коюлган «Аполлон» жана «Артемида» деп аталган алмаз сөйкөлөр болжол менен 51 миллион долларга сатылды.

«Сотбис» аукцион үйү, 50-70 миллион долларга сатылышы күтүлгөн алмаз сөйкөлөрдүн рекорддук баага сатылганын билдирди.

14,54 караттык көк түстөгү «Аполлондун» бардык салыктар менен бирге 37,5 миллион долларга, ал эми 16 караттык күлгүн түстөгү «Артемиданын» 13,5 миллион доллардан жогору баага сатылганы белгиленди.

Сөйкөлөрдүн жаңы ээси туурасында маалымат берилген жок.

Дүйнөдөгү эң чоң күлгүн түстөгү алмаз 59,9 караттык сүйрү жылдыз шакек өткөн айда Гонконгдо өткөрүлгөн аукциондо 71,2 миллион долларга сатылган болчу.

Өткөн жылы «Кристис» аукцион үйү тарабынан Швейцариянын Женева шаарында сатууга коюлган 14,62 караттык көк түстөгү «Оппенгеймер» 57,5 миллион долларга сатылган жана дүйнө жүзүндөгү эң кымбат баалуу шакек болгон.

12,03 караттык көк түстөгү Ай алмаз да 2015-жылы 48,4 миллион далларга гонконгдук миллиардер Жозеф Лауга сатылган.

Жозеф Лау ага чейин да 16,08 караттык «Жозефина» аттуу күлгүн түстөгү алмазга 28,7 миллион доллар берген.

Ушул учурга чейинки эң чоң сары кызгылт түстөгү алмаз болсо 2013-жылы 35 миллионго сатылган. Бул алмаз 14,82 караттык.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости