www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында ошондой эле 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы бекитилди. Мындан майнап чыгабы же көп жыйындын бири болуп калбайбы?
“Элдин мүдөөсүн аркалай турган парламент түзүлүшүнө шарт түзөт”
- Парламенттик шайлоого чейин жок дегенде бир жыл калганча шайлоо мыйзамын өзгөртпөш керек деп президенттин айтканы абдан туура. Анткени буга чейин бийлик башындагылар өзүнө ыңгайлаштырып алышкан. Бул нерсе шайлоо процессин бурмалоого жол бербейт. Андан тышкары шайлоо тизмесин өзгөртпөш керек экенин, жана бул нерсе турмушка ашышы парламенттин бир гана капчыктуулардын ордосуна айланбай, жаштардын, аялдардын, жана атуулдук коомдун ошол жерге келишине шарт түзөрүнө ишенип турабыз. Анан бул нерсе сөзсүз түрдө жалпы шайлоо процессина элдин ишеним артышына алып келет.
Дагы бир маанилүү нерсе бул ачык тизмени киргизиш керек. Шайлоо участкасына келген адам бир гана абстрактуу партияга эмес, ошол партия ичиндеги ишенген адамына добуш берүүгө жол ачылыш керек. Бул элдин мүдөөсүн аркалай турган парламент түзүлүшүно шарт түзөт.
Булак: NazarNews.kg