www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимовдун апасы Бүажар Алиева уулун 29-августка чейин камакта калтыруу чечимин караган Жогорку соттун жыйынына катышты. Сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.
Алиева көзүнө жаш алып баласын камактан чыгарууну суранды.
"Суракка үйдөн деле келип турса болот да. Сөзсүз эле ушул жакта жатышы керекпи? Элден да суранам, бошотсун. Балам жакшы иштеди, жаман эч нерсе жасаган жок. Эл үчүн иштеди", — деди Ибраимовдун апасы.
Эске сала кетсек, Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп айыпталып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.
Булак: NazarNews.kg