www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында ошондой эле 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы бекитилди. Мындан майнап чыгабы же көп жыйындын бири болуп калбайбы?

Табылды Акеров, саясат таанучу, тарых илимдеринин кандидаты:

-Бул жыйында Кыргызсатндын 2040 жылга чейинки өнүгүү стратегиясы каралды. Анын 2023- жылга чейинки бөлүгүнө  өзгөчө көңүл бурулду. Башкача айтканда, бул жылдар аралыгында экономикалык багыттар жана чабыттар аныкталганы белигилүү болду. Албетте, шайлоо мыйзамы өзгөрүшү керек. Ал гана эмес саясий партиялар мыйзамы да бир аз өзгөрсө жакшы болмок. Кыргызстан 2010-жылкы революциядан кийин толук бойдон көп партиялык системага өттү. Ошондуктан, буга ылайык бир топ мыйзамдар кайрадан каралып, өзгөрүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости