www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жаштар келип, жаштар иштесин” деген ураан менен азыркы учурда жергиликтүү, шаардык кеңештин депутаттыгына көбүнчө жаштар шайланууда. Мисалы Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Адиль Жоробаев отуздан эми гана ашкан жигит. Ошентсе да өзүнүн орду, салмагы бар. “Шаардын өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошкум келет”-деген жаш депутаттын бейнесин ачып берүүгө аракет жасадык.
DF-анкета.
Толук аты жөнү: Жоробаев Адилбек Суюнбаевич
Туулган жери: Жалал-Абад шаары
Туулган айы күнү: 1985-жыл, 21 октябрь
Салмагы: 72 кг.
Бою: 174.
Машинасынын маркасы: мерседес бенц
Кумири: Исхак Раззаков
Фобиясы: табигый кырсыктар
--Адилбек Суюнбаевич, сөздү ардактуу ата-энеңизден баштайлы. Кандай үй-бүлөдө төрөлүп өскөнсүз?
--Жөнөкөй карапайым үй-бүлөдө төрөлүп өскөн. Атам жөнөкөй дыйкандын уулу болсо, апам мугалимдин кызы болгон. Ошондуктан апам пенсияга чыкканча мугалим болуп эмгектенди. Атам Киев шаарынан окууну бүтүп келип жеңил өнөр жай тармагында иштеген. Кийин Жалал-Абад шаарына бут кийим тигүүчү заводго директор болуп которулгандыктан биз ушул жакта төрөлгөнбүз.Үй-бүлөдө эң кичүүсүмүн. 3 агам, эжем анан мен. Кыргыздын салтын улай ата-энем менен мен жашайм. Кичинемде ата-энемди Парижге, Америкага жиберем деп абдан кыялданчу элем. Бүгүнкү күндө Парижге да, Америкага да барып келишти.
--Мектепте мыкты деген бааларга окугансызбы?
--Эжем, агаларым орус тилдүү бала бакчага мектепке барышкан. Мен гана кыргыз бала бакчага барып, кыргыз мектепте окуйм деп айтчу экенмин. Ата-энем кыргыз бала бакчага берип, кыргыз мектепке окутушкан. №4 мектеп гимназияны кызыл аттестат менен бүтүргөм. ЖАГУнун чет тилдер факултетинде окугам. Кесибим боюнча англис тили мугалими жана котормочумун.
--Өзүңүздүн чакан мамлекетиңизге дагы токтоло кетсеңиз?
--2009-жылы үйлөнгөм. Жубайым Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылынан болот. Учурда Азирет, Амир Адилет аттуу үч уулга бактылуу ата-эне болуп тарбия берип жатабыз. Жубайым Дамира кесиби боюнча бухгалтер. Өзүмдүн жеке фирмамдын эсеп жагын тейлейт.
--Спорт менен мамилеңиз кандай?
--Өтө деле күйөрмандык кылып чуркабайм. Бирок турникке тартынып, стадионго чыгып чуркайм. Жаш кезимде башка балдардай эле бокс, каратэге барып көргөм.
--Убаданы көп берип аткара албай калган учурлар болобу?
--Убаданы кем берем, бирок сөзсүз баарын аткарам. Убада деген ыйык нерсе. Жигит киши берген убадасынын өтөөсүнө сөзсүз чыгуу керек. Андыктан көп ойлонуп чечим чыгарам.
--Жубайыңызга кандай учурда үнүңүз менен колуңуз көтөрүлөт?
--Аял кишиге таптакыр кол көтөрбөйм. Бул биздин тарбиядан. Үй-бүлөдө төрт уул бир кыз болгондуктан ыйык туткан адамдарыбыз эжем менен апам болгон. Ошондуктан мектепте окуп жүргөндө эле бир дагы классташ кызыма каттуу айтып ыйлаткан эмесмин. Бүгүнкү күндө дагы жубайымды, деги эле аялзатын жаман сөз айтып тилдеп урушпайм.
--Рулда шумахерсизби?
--Жаш кезимде машинаны каттуу эле айдачумун. Бир жолу жол кырсыгына учурагандан кийин акырын айдай турган болгом.
--Жиниңизди кармай аласызбы?
--Бүгүнкү күндө кармап жүрөм. Кээде армай албай калган убактар болуп калат.
--Акча сиз үчүн?
--Акча мен үчүн колдонуучу гана нерсе болуп эсептелинет. Акча менен кайсы бир каалоомду аткарып, максаттарыма жетем. Акчаны эч качан ыйык тутпайм.
--Ыйык айыбызда кайрымдуулук кылып жатасызбы?
--Орозодо гана эмес дайыма эле кайрымдуулук жасайм. Бул менин жашоомдун негизги мааниси.
--Балдарыңызга тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?
--Ата-энемден алган тарбияны балдарыма да бергим келет. Менин атамды достору, туугандары дайыма “балдарыңызды кантип тарбиялагансыз”-деп сураганда “мен атамды сөз менен тарбиялабайм, өзүмдүн жүрүш турушум менен тарбиялайм”-деп айтчу.
--Романтиксизби?
--Ооба.
--Ажыга баргыңыз келеби?
--Ата-энем барып келгенден кийин буйруса биз дагы барабыз.
--Сууда сүзө аласызбы?
--Сүзөм, бирок көпкө эмес.
--Сатып кеткен достор болгонбу?
--Өтө көп болгон. Мектепте окуп жүргөндө, студент кезде жана бүгүн да сатып кетүүлөр анча-мынча болуп турат.
--Саясатка кандай максатта келдиңиз?
--Элге аз болсо да пайдам тийсин деген максатта саясатка келгем. Каржы жааттан мен көз карандысыз, кийими бүтүн, курсагы ток адаммын. Кудайдын жардамы жана өзүмдүн аракетим менен ушул ийгиликтерге жетишкем. Андыктан бизнесимди коргоюн деп эмес, шаардын элине пайдам тийсин деп келдим.
--Ишкердикте жүргөндө көрө албастык, бут тосуулар болгонбу?
--Ишкердиктеги мыйзамдарымды бузбай, укуктарымды жакшы билем. Ишкердикте кандай учурда тоскоолдук жаралат баарын алдын ала байкайм. Тоскоолдук жаратам деген аракеттер абдан көп болгон. Убагында мамлекеттик кызматтагы адамдар дагы атаандаш болушкан. Баарынан өттүк, өзүмдү ийгиликтүү ишкер катары эсептеймин.
--Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
--Аракетте, бир гана аракет адамдын баардык кыялын орундатат.
--Ийгиликтүү адамдар китепти көп окушат, сизчи?
--Мурда убакытым болуп калганда окучумун. Адабий китептерди учурда мыйзамдын китептерине алмаштыргам. Саясат боюнча китептерди гана барактап калам.
--Кандай адамдар менен тил табыша албайсыз?
--Адамдын турмуштагы, жеке ишкерликтеби тажырыйбасы көбөйгөн сайын өтө ар бир адам менен тил табыша баштайт. Менде мындай сапат жок. Анча мынча адамдардын мени колдонуп, терс таасирин тийгизээрин билсем мамиле кылбайм. Өзүм дагы сыртымдан дароо эле жактырбай жатканымды билгизип коём. Ар ким менен тил табышып кете албайм.
--Күлүк ат кармайсызбы?
--Күлүк аттарга аябай кызыгам. Бирок шаар жеринде багууга шартым жок. Болуп калса сөзсүз кармамакмын.
Булак: Де-факто