www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандан Кытайга өтчү газ куурун кытай аскерлери кайтарбайт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, газ кууру жер асты аркылуу өтүп, аны кайтаруу Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде аныкталат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

- Газ куурун кайтаруу Кыргызстандын мыйзамына ылайык күзөт кызматына же милицияга жүктөлүшү мүмкүн. Жер эч кимге берилбейт. Бул түтүкчөлөр жердин алды менен өтүп, Алайды эч качан экиге бөлбөйт, - деди Рыскулов.

Буга чейин Кыргызстанда аталган газ куурунун курулушу боюнча талкуу жаралган. Анда бул келишимде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу жагдайлар бар экенин жана аны кайтарууну Кытай тарап жүргүзөрүн айрым активисттер айтып чыгышкан.

Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.

Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылда бүтө турганы көрсөтүлгөн. Курулуш долбоорунун баасы 1,2 миллиард долларга бааланган.

Бул долбоор ишке кирген соң Кыргызстанга жыл сайын 70 миллион доллар акчалай киреше түшүп, аны курууда жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү тургундардан тартылары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости