www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эгемен" сайтынын жетекчиси, КСДП партиясынын мүчөсү Адилет Калыгулов аталган партиядан чыга тургандыгын социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Адилет Калыгулов өз сөзүндө;
-Мен «КСДП» партиясынын мүчөсү катары көптөгөн иш чараларга катышып, дараметимдин жетишинче партиялык иштерди аркалап келдим. Идея жана команда деп жанымды сабап, өмүрүмдү тобокелге салып иштедим.
Кээ бири партияга мүчө болуу менен биринчи орунга жеке маселесин коюп, кайсыл бир учурда партиядан пайда көрүү максатын коёт экен. А мен тескерисинче тапкан каражатымдын кайсыл бир бөлүгүн ошол партиянын ишмердүүлүгүнө жумшап келдим.
Өлкөбүздө болуп жаткан акыркы окуяларды карап кээде таң калып да келем. Кайсыл бирибиз «жылаңач төштү» тосуп мамлекет, эл деп кызмат кылып келген болсок, аркабызда кээ бирлери мамказнага кол салып, тоношкон экен. Териштирүүлөр аягына чыгып, келтирилген чыгымдар толукталып, күнөөлүлөр жазасын алышаар, ак болсо акталышаар.
Кечээ, бүгүн, эртеңки күндү баамдап жана башка жагдайларды эске алуу менен мен партия мүчөлүгүнөн чыгуу чечимин кабыл алдым. Мындан ары ишмердүүлүгүмдү өз алдынча алып барам.
Партия ичинде көптөгөн таза, мыкты адамдар бар. Алар менен таанышканыма кубанычтамын. Жолубуз башка болгону менен адам катары жакшы санаалаштар болуп кала беребиз деп ишенем!,-деп жарыя кылды Адилет Калыгулов.
Булак: NazarNews.kg