www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активисттердин бири Адилет Калыгулов “Нарында 10 дааватчыдан вирус аныкталды” деп, жазып чыккан билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди. 

"Дүйнөнү каптап жаткан вирус тилекке каршы бизди айланып өткөн жок. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 94кө жетти.

Кыргыз бийлиги болгон күч-аракетин жумшап, вирустун тарашын түп тамырынан токтото албаса да, жапырт жайылып кетпестин аракетин көрүп өлкөдө "өзгөчө кырдаал", "коменданттык саат" киргизип атат. Бизде маданият калыптана элекпи, же тартиптин жоктугубу, кыскасы мындай иш-аракетке кош көңүл кылып, анча маани бербей келишет. Олтур десе турган, чыкпа десе чуркашкан, ме десе албай, тийбе десе бүлдүргөн сапаттар биздин каныбызда бардай. Бирок, мамлекетибиз колу кенен, боорукер жарандарга да бай өлкө. Кыргыз кырсыкканда биригет дегендей, ушундай оор күндө колунан келишинче жардам кылып аткан мекендештерибизге Алла ыраазы болсун. Бүгүн бергенин эртең эселеп тапсын.

Эки күн мурда Нарында дааватчылардан вирустун аныкталганы туурасында жазгам. Саны онго жакын деп. Тартипке ылайык вирус аныкталган киши канча адам менен болсо ошончосу тең текшерүүгө алынуусу шарт жана элден изоляция болууга тийиш.

Вирус аныкталган Нарын тургуну Бишкек шаарында уулунун үйүндө болуп, жергесине таксиде 7 адам менен кеткен. Аэропорттон түшүндүрүү иштери менен таанышканына карабастан ал киши тоготпостон өзү билемдигине салган. Бактыга жараша вирус башкаларга жуккан эмес дешүүдө. Ошондой эле болсун. Дегенибиз менен ал өзүнөн тышкары 8 адам менен контакта болуп атат. Бул деген түздөн-түз ошолордун ден соолугуна шек жаратты дегенди билдирет. Баса белгилей кетчү жагдай. Менин жазганыма терикпей, ошол "ачуу сөздөрүңөрдү", "акыл насаатыңарды" жабалактап так ошол бийликтин сөзүн укпаган, башкалардын ден соолугуна коркунуч жаратып жаткандарга айтсаңар.

Мен 5 маал намаз окубасам да жума намазын окуйм. Аллага шүгүр кылып өтүп кеткендерге багыштап үйдө жыт чыгарып КУРАН окуп турамын. Тили чыга элек балдарым тамак ичкен соң оомийин кылып, биздин кылгандарыбызды көрүп чоңоюшууда. Башкаларга окшоп бирөөлөргө таңуулабайм. Намазды өзүм, үй-бүлөм үчүн окуйм. Динди бетине кармангандардын оозунан жалаң коркутуу, кемсинтүү, жеке мамилеге өтүп, каргап-шилеген сөздөр чыкканы өкүндүрөт. Баары эмес албетте.

Ажобуз баш болуп элди үйдө олтургузууга аракет кылып, кырдаалдан биргеликте, ынтымакта чыгып кетүүгө чакырып атса кээ бирлери мечит бош калганын айтып ыйлап атышат. Башкасы өзүн Кудайга теңеп, вирус бизде жок, кыргыз оорубайт деп атат. Элди дүрбөлөңгө салып аткандар ушуга окшогондор.

Хадисте да минтип айтылат: "Эгер оору чыккан жерде болуп калсаң ал жактан чыкпа, оору чыккан жерге барба", - деп.

Андыктан тартипти катуу сактап, бийликтин, дарыгерлердин айткандарын так аткарууга аракет кылалы.

Акчалуулар акчалай, кадыр-барктуулар сөз, накыл менен, аалымдар туура жол көрсөтүп, кыскасы колубуздан эмне келсе ошону кылып, оор кырдаалдан биргеликте, ынтымакта чыгып кетели.

Балдарыбыз, үй-бүлө, мамлекет үчүн кичине чыдап коелу. Туугандар, ата-эне, жоро-жолдоштор менен кучакташып көрүшкөн күн алыс эмес. Алла ошол күндү ар-бириңе насип кылсын", - деди Адилет Калыгулов.

Ага кошумча биздин өлкөгө 24 сааттык коменданттык саат керек экендигин да баса белгилеген Адилет Калыгулов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости