www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын  22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргендигине байланыштуу, Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБгы тарабынан, Чүй облус аймагында санитардык-карантиндык посттору жайгаштырылып ЖКККБнын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИББсы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндык постунда ЖКККБнын жана бекитилген кызматкерлер тарабынан “Тойота-Чейзер” үлгүсүндөгү автоунаа  токтотулуп текшерген учурда, айдоочу Аламүдүн районунун жашоочусу 49 жаштагы Х.А. аттуу жаран автоунаасынын алдыңкы терезесинен пропуск (өткөрмө) баракчасы жасалма түрдө болгондугу боюнча шектелип, Ысык-Ата РИИБнүн тергөө тобу чакырылып өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда  автоунаа убактылуу айып унаа жайына токтотулуп, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын  Жазык Кодексинин 171-беренесинин негизинде топтолгон иш-кагаздары Ысык-Ата РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине  киргизилип   тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Урматтуу  Чүй облусунун жашоочулары,  коронавирус илдетин жоюу жана алдын алуу максатында  үйүңүздөрдө болууңуздарды жана себепсиз чыкпоого суранабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости