www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды. Бул тууралуу NazarNews агенттигине УКМКдан кабарлашты.

2020-жылдын 29-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Шагеева Татьяна аныкталды.

Такталган боюнча Т.Шагеева соцтармактар аркылуу Көк Жар айылында 50 адамдан коронавирус табылып, аларды алып кетишти деген жалган маалыматтарды тараткан.

Т.Шагеева менен профилактикалык иш чаралар өткөзүү максатында Аламүдүн райондук ИИБ алынып келинди. Жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости