www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад бириккен облустук ооруканасынан үч бейтап чыгарылууга даярдалууда. Бул тууралуу NazarNews.kgге Саламматттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, сакайып кеткен 3 жарандардын экөөсү 1974чү жана 1976-жылы туулган аялдар, үчүнчүсү 1954-жылы туулган эркек.

“Алардын коронавирус илдетине карата тапшырган анализинин жыйынтыктары таза чыкты. Алардын абалы канааттандыраарлык”,-деп мекемеден маалымдашты.

Эске сала кетсек,   2020-жылдын 30-мартына карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:

 Жалал-Абад облусунда – 50;

 Ош облусунда – 24;

 Чүй облусунда – 3;

 Баткен облусунда – 1;

 Ош шаарында – 8;

Бишкек шаарында – 7;

 Нарын облусунда – 1 учур.

Жалпысынан илдеттен жабыркагандардын саны КРда 94 киши катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости