www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта бирифингде Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бир жумадан бери Кытай менен кеӊешмелер өткөрүлүүдө. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин убактылуу жабылат. Кыргыз өкмөтү Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости