www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Исмаил Матраимов” фонду Нарын облусундагы облус жетекчиси Эмилбек Абдыраимович жана райондун акимдери менен кеӊешип, жашоо-шарты катаал аймакта жашаган жакыр үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга кезектеги жардамын берди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Ошондой эле аты аталган фонд, Нарын шарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жана үйүнөн сыртка чыга албаган энелерге жардам көрсөтүүнү колго алган. Аталган облуска бүгүң, 30-мартта 50 тонна ун, 3 тонна өсүмдүк майы жеткирилип, тиешелүү жарандарга таркатылып берилген.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Ошондой эле, 21-марттан тарта Кыргызстандын бир нече аймактарына 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыялаган.

Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түшкөн. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Райымбек Матраимовдун дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюртма бергендигин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости