www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери өлкөдөгү оор абалга кайдыгер карабай күнү-түнү иштеп жаткан блок посттогу 200дөй кызматкерге ысык тамак таратты.

Аталган университеттин кызматкерлери өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып, оор учурда өкмөткө аз да болсо жардам болсун деген ниетте эл кызматында жүргөн ИИМдин жана коргоо министрлигинин кызматкерлери турган шаар ичиндеги постторго жеткирип беришкен.

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Каныбек уулу Ардакбек баштаган топ кызматкерлерге күч кубат каалап, эстафета катары колунда бар жарандарга мамлекетке кайдыгер карабай жардам берсе деген үмүт менен үлгү көрсөтүүнү өзүнөн баштадык деп билдирди. 

Ага кошумча, өзгөчө кырдаал учурунда тартипти бекем сактоо менен илдеттен арылалы деген пикирин кошумчалап өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости