www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испанияда COVID-19 инфекциясы аныкталган кош бойлуу аял операция учурунда каза болду. Баланы да сактап кала алышкан жок. Бул тууралуу  Europa Pressге агенттигине шилтеме берип, РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон 37 жаштагы аял Коруньядагы ооруканалардын биринде кесарево жасаткан. Бала өлүк төрөлгөн.

Аял өнөкөт ооруга чалдыккан. Ишемби күнү өзүн жаман сезип, дене табы кескин көтөрүлүп кеткен. Жекшемби күнү ал ооруканага жеткирилип, COVID-19 инфекциясына тапшырган тести чыгып, коронавирус аныкталган. Ал операция учурунда көз жумган, баланы да сактап кала алышкан эмес.

Результаты эхографии

Энелердин оң диагнозу жаңы төрөлгөн ымыркайларга кандай таасир тийгизери жөнүндө азырынча маалымат жетишсиз. Бирок, Ухань шаарында вирусту жуктурган аялдардан ден соолугу чың балдар төрөлгөн.

30-мартка карата Испанияда коронавирусту 85,2 миң адам жуктурган. Бул Кытайга караганда көп. Вирустан каза болгондордун саны 7340ка жетти. Дүйнө жүзүндө жуктургандардын саны боюнча Италиядан кийин экинчи орунда Испания турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости