www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19:  АКШда карантин узартылды

АКШда COVID-19 вирусунун жайылышына каршы күрөшүү чаралары 30-апрелге чейин узартылды. Тиешелүү чечимди президент Дональд Трамп кабыл алды.

Трамп журналисттер менен сүйлөшүү учурунда АКШда COVID-19 вирусунун жайылышы эки аптадан кийин туу чокусуна жетерин, эпидемиядан кийин кайра калыбына келүү иштери 1-июнда башталарын айтты.

"Коронавирус илдетин алдына алуу максатында 12-апрелге чейин болжолдонгон карантин, 30-апрелге жылдырылды", - деп Трамп баса белгиледи.

Акыркы маалыматка таянсак, АКШда коронавирусту 142 502 киши жуктуруп, анын 2 506сы көз жумган. Ал эми оорудан 4 856 бейтап сакайды. Өлкө дүйнө жүзү боюнча коронавирус жайылган мамлекеттердин сап башында турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости