www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын борбору Киев шаарынын мэри Виталий Кличко коронавирус пандемиясы учурунда “жеңил ойлуу” жарандардын кылган иши катастрофага алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу кайрылуусун өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган.
“Бирөө коркунуч кимдир бирөөгө тиет деп, бирок ага тийбейт деп ойлойт. Мындайча айтканда, акылга сыйбайт. Кырдаалды түшүнгөн тургундар бар, бирок тилекке каршы, али мээсине жете элек адамдар бар. Акыры башыңар менен ойлонгула”,-деп мэр билдирди.
Анын айтымында, кээ бир тургундар “пикниктерге чыгууну” улантып жатышат жана “оюн аянтчаларында аншлаг уюштурушууда”.
“Силер күлүп, бул өтүп кетет деп ойлоп жатасыңар”,-дейт Кличко.
Врачтар кимди сактап калалы деп бейтапты тандап калган Италияны мисал кылды.
“Мен ашыкча айтпайм. Эгерде бул демонстрациялар жана кечелер улана берсе, барыбызды чоң катастрофа күтүп атат”,-деп Кличко сөзүн жыйынтыктады.
Акыркы маалыматтар боюнча, Украинада 480 адам коронавирусту жуктурган жана анын ичинен 11 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg