www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоо максатында жүзгө жакын чабандес Чүй облусу боюнча жүрүш жасады. Талапкер Адилет Канымбековдун жетекчилиги астындагы атчандар бир катар айылдарды кыдырып, элди “Мекеним Кыргызстан” партиясына шайлоого үгүттөдү. Айылдардын тургундары партия тарапташтарын жакшы маанайда тосуп алышты.



«Мекеним Кыргызстан» № 4 саясий партиясынын талапкери Адилет Канымбеков: “Мекеним Кыргызстан” партиясы саламаттыкты сактоо тармагында толугу менен жаңылануу жүргүзүү боюнча программага жаңы концепт иштеп чыккан. Анын маңызында саламаттыкты сактоо тармагына дароо киргизиш керек болгон базар механизми дагы киргизилген. Мындай жол менен аз убакыттын ичинде медициналык кызмат көрсөткөн ооруканалардын санын көбөйтүү мүмкүн. Андыктан биздин партия байыркы тарыхы мол, маданияты бай кыргыз элине болгон салымыбызды кошобуз. Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кыдыр болсун деп, ата-бабалардын жолун жолдоп, ат үстүндө Кыргызстандын желеги менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын желегин желбиретип, Чүй облусундагы улуулардан бата алдык”, - деди жаш талапкер Адилет Канымбеков.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости