www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда мектептер беш айдан кийин кайра ачылууда

Коронавирус жугузуп алгандарга күнүнө 100 миң киши кошулуп турганы менен Индиянын айрым штаттарында ушул дүйшөмбүдө беш айдан кийин мектептер кайра ачылууда.

Маалымат боюнча, Борбордук өкмөт 14-17 жаштагы окуучулардын мектептерге ыктыярдуу кайтуусуна уруксат берди. Бирок акыркы чечимди штаттардын бийлик органдары кабыл алмакчы. Дели, Гужарат, Керала, Уттар-Прадеш өңдүү бир топ аймактар окуу жайларын ачуу азырынча эрте деп эсептешет. Жер-жерлерде сабактар онлайн уланууда, кайсы бир аймактарда мектептер жарым-жартылай ачылды. Айрым учурларда ата-энелер балдарынын мектептерге кайтуусуна макулдук берген уруксат кагазын жазып бериши керек.

Буга кошо вирустун жайылышы боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турган өлкөдө COVID-19га 5,4 миллион киши кабылды. Дүйнө жүзүндө 21-сентябрга карай инфекцияланган 31 миллионго жакын киши расмий катталды. Өлгөндөрдүн саны миллион адамга чукулдады.

Ошондой эле Индия бийлиги күнүнө бир миллиондой тест жасалып жатканын билдирүүдө. Ал эми адистер калкы бир миллиард 300 миллиондон ашкан өлкөдө вирусту жугузуп алгандар жана каза тапкандар алда канча көп деген пикирин айтып келишет.

Эске салсак, серологиялык изилдөөлөргө ылайык, индиялыктардын 25% коронавируска каршы антиденечелер иштелип чыккан. Бул калктын көбү вируска чалдыккан дегенди билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости