www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда жергиликтүү тургунду тоноого шектелген 25 жана 37 жаштагы эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, 9-сентябрда белгисиз адамдар аялдын үйүнө келип, аны өлтүрөм деп коркутушкан. Шектүүлөр анын үйүн тинтип, 406 миң сомун алып, качып кетишкен.

Милиция тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, алар Ички иштер министрлиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну М.Н., жана Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын 37 жаштагы тургуну С.А. экени аныкталды. Алар эки айга камакка алынды.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Турак жайга кирүү менен урдоо” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости