www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облустук жана муниципалдык кызматтардын башчыларына Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан саясий партиялардын штабдарына барууга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, демократиянын принциби – бардык тараптарга бирдей шарттарды түзүү.

Ошондой эле, ал шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын белгиледи.

“Мен бир дагы жетекчи же мамлекеттик кызматкер өкмөттүн ишин жаманатты кылбасын деп талап кылам. Буга катышкандарга карата эң катаал чаралар колдонулат” – деп билдирди Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости