www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрель күнү Өкмөттүн басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун сынынан кийин өз каалоосу менен отставка сурап президентке кайрылган деген маалыматка расмий жооп берди.

"Социалдык тармактарда Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кеткендиги тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мындай маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Ал өзгөчө кырдаал режиминде жана коронавируска каршы күрөшүүнү улантып, күн сайын тынымсыз иштеп жатат. Балким, кимдир бирөө Өкмөттү бүгүнкү күнү менен куттуктап коюуну чечкендир. Эки жыл мурун Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп шайланган", - деди Адилет Султаналиев.

Белгилей кетсек, буга чейин тар чөйрөдө өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөй албай калган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулуктун сынынан кийин өз каалоосу менен отставка сурап президентке кайрылган.

Ал эми Абылгазиев иш билбеген министрлери менен айдала турганы, жаңысы тандалып атканы да каңкууланды. Азырынча өкмөт башчыны издешип, толук кандуу бир талапкерге токтошо элек.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Акылбек Жапаров, Азиз Суракматов жана Эркин Асрандиевдин аттары премьер-министрликке айтылууда деген маалымат чыккан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости