www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-апрелде социалдык тармактарда Нарын шаарыны тургунунун кайрылуусу жарыяланган. Кайрылууда Нарын шаарында милиция кызматкерлери ага туура эмес мамиле кылышкандыгы айтылган.
Нарын шаарынын жана Ат-Башы комендатурасы аталган окуянын чоо-жайын түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, жаран түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провакация кылууга аракет жасаган.
"18-апрель күнү саат 12:00 чамасында Нарын шаарынын Ленин менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги посто "БМВ" үлгүсүндөгү унаа тиешелүү документтерди текшерүү максатында токтотулган. Бирок, ал документтерин бербей милиция кызматкерлерин жөөлөп, мыйзамдын талабына баш ийбей унаасын айдап кетүүгө аракет кылганда аны токтотуп калышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провакация кылууга аракет жазаган. Ошол себептүү жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Нарын ОИИБинин электрондук журналына катталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айдоочунун унаасы атайын токтотуучу жайга токтотулган. Айдоочуга айып пул салынып, андан кийин унаасы атайын токтотуучу жайдан чыгарылып берилген. Ал эми Нарын шаарыны тургунунун кайрылуусу чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилейбиз", - деп билдирди Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg