www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 13-апрелинен 19-апрелге чейин Республика боюнча жер жерлерде жети күндүк Манас айтуу жөрөлгөсү ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу коомдук ишмер Кадыр Кошалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Урматтуу мекендештер, бир боор кандаш туугандар! Сиздердин колдооңуздар менен 13-апрелден 19-апрелге чейин Республика боюнча жер жерлерде жети күндүк Манас айтуу жөрөлгөсү жаңы эле ийгиликтүү жыйынтыкталды. Манасчылар жети күн катары менен күн сайын саат 12.00 дөн 13.00 чейинки убакта улуу дастандан үзүндү айтышты.

На изображении может находиться: 1 человек, сидит

Манас – кыргыз элинин демин, биримдигин, руханий жаңылануусун шарттаган түгөнбөс күч. Айкөл Манастын образы кыргыздын түбөлүк аздектөөчү кут ыйыгы катары кайрылып келип кең пейил, көөнө кыргыз турпатын чагылдырат.

Манас айтылган жерде айлана-чөйрө тазаланат. Оору сыркоонун алдын алат. Кара күчтүн каруусун кайрыйт. Жагымсыз терс энергиялар күбүлүп түшүп, жакын жолобойт. Уккан адам кубаттанат. Жан дүйнө арууланат. Аалам-жер-адам бир бүтүндүккө тогошот! Абалдан чыгууда Манас күчү -Элдин деми биригет!

Ушундай улуу максатты көздөп, бүгүн 19-апрелде жети күндүк Манас айтуунун урматына Республика боюнча жер жерлерде, үйлөрдө жыт чыгарылып, тогуз токоч жасалып, бата-тилектер айтылды. Колунан келген мүмкүнчүлүгү барлар бириге калып, кан чыгарып, түлөө-кудайыларды өткөрүштү.

Бул иш- чарага Россия, Түркия, Кытай ж.б чет өлкөдөгү кыргыздар да жигердүү катышышты.

Мындан ары да элибиздин келечеги үчүн руханий багыттагы иш-чараларды уланта берүү зарылдыгы ачык көрүндү. Жакында 23-апрелде Жалпы Элдик Тиленүү күнүн ынтымак-биримдиктин кырдаалында өткөрүү маселеси колдоого алынды.

Демилгечилер: “Кыргыз жолу”, “Манас эл” коомдору, “Манас Ордо” улуттук комплекси (Талас), Чеч Дөбө элдик кеңеши, Манасчылардын “Көйкашка” фонду, БАТА, “Кыргыз улуу теңдиги”, "Энелер жолу", “Умай эне жарыгы” (Ысык Көл) коомдору, “Дени сак улут”, “Энелер мектеби”, “Единение” топтору ж.б

Маалыматтык колдоо: “Ала Тоо”-24 маалымат каналы, “Кыргыз радиосу”, “NazarNews” маалымат агенттиги, “Доор” журналы жана Соц.тармактар болушту.

Улуттук мааниси бар аталган долбоорду ишке ашырууга салым кошкон жалпы эл журтубузга, манасчыларга, ММК өкүлдөрүнө, салттуу жөрөлгөлөрүн жасашкан аялзатына, кызмат өтөшкөн улуу-кичүү мекендештерибизге демилгелүү топтун атынан терең ыраазылык билдиребиз!", - деди Кадыр Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости