www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарынын COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган тургуну бычак менен полиция кызматкерине кол салды. Полиция кызматкери аны мажбурлап ооруканага алып барууга аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 57 жаштагы кишиден коронавирус аныкталган. Бирок ал №40 шаардык ооруканасына баруудан баш тарткан. Ушундан улам, аны күч менен алып келүү чечими чыккан.

“Баш ийбеген жаранды кармоодо  керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубат жашоосун көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) кызматкерлери жана Екатеринбург шаарындагы Ички иштер министрлигинин №4 полиция бөлүмүнүн улук участкалык комиссары (майор) катышты”,-деп айтылат маалыматта.

Маалымат боюнча, кармоодо жаран өзүн башкача алып, бычак менен полиция кызматкерине кол салган. Жыйынтыгында улук комиссар жаракат алган. Алар дагы  жардам чакырышкан. Кол салган адам кармалып, “Тез жардам” унаасына өткөрүлүп берилген.

Жабыркаган полиция кызматкери жеңил жаракат алгандыгына байланыштуу, ооруканага барган жок. Аталган фат боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости