www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Адилет" укуктук клиникасы парламентте кабыл алынган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамга анализ жасап, ал одоно эреже бузуулар менен кабыл алынганын билдирди.

24-октябрда жарыяланган анализде төрт тыянак чыгарылган. Алардын мазмуну төмөнкүчө:

1. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтүн узартылышы Конституцияга каршы келет;

2.Жарандардын мыйзамдарды талкуулоого жана аны кабыл алууга катышуу укугу бузулду;

3. Мыйзамды артка кайтаруу мүмкүн эместиги жөнүндөгү эреже аткарылбай, шайлоо өткөрүүнүн конституциялык нормалары бузулду;

4. Мыйзамды шашылыш үч окууда жактыруу мыйзам кабыл алуу эрежелерине каршы келет.

22-октябрда парламентте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ошол эле күнү кол койгон.

Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзамга ылайык парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда болушу керек деген токтом чыгарган. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындады.

Последние новости