www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бүтпөгөн алай-дүлөй, эли дагы бийлиги дагы тизгинден чыгып, эшек менен ат мингени деле «аткаминер» болуп чыга келди. Мамлекет саясый кризиске кептелди. Дүйнө жүзү кыргыздарды «варварлар», «апокалипсис» деп тынымсыз жазышууда. А кыргыздар өздөрүн душманын жеңип алгансып, кытайларга аз күндө жем болоорун билишпей эрдемсинип олтурат.

Кыскасы ит эле болдук. РФ президенти В.Путин айласы жогунан агынан жарылды. Бирок ачуу чындык, алтын менен суунун башында турган кыргыздын өзү же көзү тойбой алсырап эле баратабыз. Баягы эле бийлик талашмай!

Мээси барлар, мамлекеттик кызматтын ордун билгендер кетишип, ордуна бир жолу мамлекеттик кызматта иштебегендер келди. Маңкуртчулук!  Аларга бир эле мисалга алсак Өмүрбек Текебаев менен Жанар Акаевдин кадры «бадриң» Тилек Токтогазиев. Мына сага!

Алсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолуп, аймактарда, ири шаарларда башчыларды алмаштыруу башталган.

Бул көрүнүш кайра улантыла баштагандай, бир нече күн мурун Бишкектин калаа башчысы Азиз Суракматов кызматынан кетти. Андан кийин Бишкек шаарын гүлдөткөн Нариман Түлеев кызматка келсе, Аскат Осмонов баштаган топ, болбогон шылтоо менен кайра кетирип тынышты.

Баса, бизге жеткен так маалыматтарга таянсак эртең, 26-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын имаратын басып алууга атайын күчтөр даярданып жатканы айтылды. Мына сага келесоолук! Кыргызстан мыйзам менен жашайбы же элдин талабы мененби?! Бийликтегилер көзүңөрдү ачкыла, мамлекеттин тагдыры коркунучта. Алдыда Кытайдын карызы турат...Өлкөдө Атамбаев адатына салып, чыныгы ууру Кулматовду жактап, ак жеринен ".октоп" кеткен Райымбек Матраимов тууралуу маалымат издей бериштин кажети жок, ансыз деле азыр мамлекетте башка дагы көйгөйлөр толтура.

Андыктан кыргызга оор абалда кыпындай жардам көрсөтүмүш болгон Атамбаев баштаган "миллиардерлерди" тезирээк "кустурация" кылса жакшы болот беле, алдыда карыздарды төлөөгө эки ай гана убакыт калды. Ошондуктан бийлик талашып "өлүп кетпей" эркиндигибизди жоготуп ала электен мурун, эгемендүүлүгүбүздү сактап калсак! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости