www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-октябрь күнү болжол менен саат 23:00дө Ивановка айылында 46 жаштагы аялды белгисиз айдоочу сүзүп, из жашырган. Аял алган оор жараатынан улам ошол жерден көз жумган.

Кырсык каттоого алынгандан кийин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору шектүүнү издеп башташкан.

"Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилген. Жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталып, табылган. Шектүү катары Кемин районунун 51 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, коркуп кеткендиктен кырсык болгон жерден качып кеткенин билдирди", — дешти милициядан.

Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилсе, автоунаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости