www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондогу королдук колледждин профессору Тим Спектор балдардын сасык тумоосун кадимки COVID-19дан кантип айырмасы тууралуу маалымат берди. Бул туурасында The Daily Mail жазды.

Адис баланын мурду бүтө баштаса, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул анын коронавирус менен ооруп калды дегендикке жатпайт.

Спектор катышкан изилдөө мектеп жашындагы балдар арасында коронавирус инфекциясынын эң көп тараган белгилери — тез чарчагандык, баш оору, эт ысуу экендигин көрсөткөн. Ал эми чоңдордо чарчагандык, калчылдоо жана жыт сезбей калуу менен коштолот. Мындан сырткары, изилдөө COVID болгон ар бир алтынчы баланын терисин кызарган бүдүрлөр каптап кетээри айтылган.

Дарыгер коронавирус жуккан ар бир эле баланын эти ысый бербестигин, гриппке караганда белгилери кеч байкалышы ыктымалдыгын айтты.

Спектор кээ бирлеринде оорунун белгилери байкалбастыгын, бирок вирусту алып жүрүп, башкаларга ооруну таратуучу болору кошумчалады.

Коронавируска шек жаралганда баарынан жакшысы башкаларга жолобой, үйдө калуу экендигин кошумчалады. Ал эми диагноз коюу үчүн дароо дарыгерге кайрылып, өзүн-өзү дарылап үйдө жата бербеш керектиги эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости