www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан АКШнын Флорида штатына көчүп келген 38 жаштагы Оксана Пиари, студент кезинен тартып азыркыга чейин бодибилдинг менен машыгып келет. 20 жылдан бери токтоосуз машыккан Пиаринин денесин көргөндөр аны  “желмогуз” деп дагы атап жүрүшөт. Оксана жолдошу Артем менен университеттин машыгуу залында таанышып, ортодогу сүйүүнү улантуу  менен машыгууну чогуу алып кетишкен. Жолдошунан илхам алганын айткан Оксана: “Физикалык жактан жагымдуу көрүнүү үчүн бири-бирибизге мотивация берип турабыз”, - дейт.

Бир нече конкурс, сынактарда ийгиликке жетишкен 2 баланын апасы, өткөн жылы Түндүк Америкада чемпионатында 2 кг оордукту көтөрүү менен рекорд койгон алгачкы орус катары тарых барактарына жазылып калды. Туура тамактануу менен күнүнө 3 саатка чейин күч арттыруучу машыгууларды аткарып, мындай деңгээлге жеткенин айтып: “Денемди көргөндөр коркуп кетишет. АКШдагы лакап атым – желмогуз аял. Муну менен катар комплименттерди дагы абдан көп угам. Ошентсе да, мындай денеге ээ боло албай жүргөн кээ бир эркектер кызганышат”, - деп кошумчалады Оксана Пиари.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости