www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белдин талып оорушу уйку бези рак илдетине кабылганда кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка карагнда, медиктер уйку безинин рагын омуртка илдети менен оңой эле алмаштырып алуусу мүмкүн экенин айтышкан. Рак болгондо биринчи адамдын ичи жана анын айланасы ооруп, анан аркага өтүп кетет.
"Эгер уйку безинин рагы болсо, анда адам жатканда бели ооруганы күчөп, ал эми отурганда басаңдап калат. Тамактанып бүткөндөн кийин тынчтык бербей, кайра башталат. Бул кайсы бир нерв системасынын жабыркап жатканынан кабар берет", — деди дарыгерлер.
Адистердин айтымында, эгер адам эч кандай жаракат алып же күч келтирип албаган болсо, бирок арка "жанды жеп" оорутса, анда медициналык кароодон сөзсүз өтүш керек.
Булак: NazarNews.kg