www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу студенттик кезиндеги күндөрүн эске салып, ошол учурда укугун тебелетпей, акыйкат үчүн күрөшкөнүн жана азыр да ошондой экенин айтып, ага карата жасалган чабуулдар натыйжасыз деген пикирин социалдык тармак аркылуу билдирди.
“1979-жыл. СССР дин 50-жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетинин 1-курсуна өткөндөрдү «Пригородный» совхозго памидор тергени алып келишти. Эки агай менин укуктарыма жана абийириме доо кетиргенинде аларга кулак салбай койдум. Кечинде мени «окуудан айдалдың!» дешти. Бишкекке түнү жөө кетип, таң атканда кайра кайтып келдим. «Мени айдаганы акынар жок!» деп студенттердин жанында агайлардын бетине айттым. Студенттер мени колдоп туруп беришти! Агайлар эч нерсе кыла алышпады.
1981-жыл. 3 орус жана 4 кыргыз тайпага СССР дин тарыхы боюнча жалпы лекция окулуп бүттү. Доцент «кимде суроолор бар?» деп сурады. «Д» орус группасынын старостасы мен кол котордум. «Агай, эмне учун кыргыз Чолпонбай Тулебердиев дзотту өзүнүн денеси менен 1942-жылы тосуп курман болсо бир жыл кийин, 1943-жылы, Александр Матросов дзотко өзүн таштаса - китептердин баарында «Александр Матросов биринчи жолу ушул эрдикти жасады» деп калп айтылып жатат?!». Агай бозоруп, кызарып, бир минутадай сүйлөй албай, анан «жолдош студент, мына Сиз ушул маселени иликтеп чыгыңыз!» деп аран айтты. Мен болсо: «Ооба, мен бул маселени изилдесем мени КГБ дароо камап коёт. Эмне үчүн силер чындыкты айта албайсыңар, урматтуу тарыхчы агайлар?!» деп каяша айтсам, доцент коштошпой эле тезинен аудиториядан качып кетти... Жети жылдан кийин, 1988 жылы Киевде аспирантурада окуп жүрүп баарибир тарыхий чындыкка жетиштим! КПСС тин «Советская культура» гезитинде менин суроом жана ага советтик академиктин жообу басылды: «Александр Матросов өзүнүн эрдигин Чолпонбай Тулебердиевден бир жыл кийин жасады» деп.
1982-жыл, КМУнун тарых факультетинин 3-курсунун студентимин. 1-разряддагы футболистмин. Бирок кызыкчылыгына карабай баардык студенттерди бир, жалпы, тайпага тыгып салды. Мамлекеттик ТВдан катымды окугандан кийин жашаган квартирама Коммунисттик партиянын болум башчысы, билим берүү министрдин биринчи орун басары, КМУнун проректору жетип келишти. Маселе чечилди. Академик К.Оторбаев ректордун буйругу менен баардык студенттерге өзүнүн сүйгөн спорту менен машыкканы уруксат берилди!
1983 жыл. 4-курсмун. Жаш профессор мени кагып берди. Мен ага «акыңыз жок, анткени студенттердин да укугу бар!» деп каяша айттым. Факультеттин парторгу Д.Эгемназаров чакырды: «Эжекеден кечирим сурагын!» деп. Мен ага «мага андай буйрук бергени укугуңуз жок, себеп - мен коммунист эмесмин!” деп айттым. Декан А.Рыскулов чакырып «Эми кечирим сурап эле койбойсуңбу?» деп суранды. «Күнөөлүү болсом кечирим сурамакмын. Бирок күнөө менде эмес, а профессордо» деп баш тарттым. Ректор К.Оторбаев чакырды. «А, физкультура боюнча былтыр жаңжал кылган студентсиз го! Дагы эмне болуп кетти?» деп сурады. Мен ага «Жолдош ректор, студент адамбы, студенттин да адамдык укуктары барбы?» деп сурадым. Ал «кана, эмне болгонун айтып бериңизчи?» деп айтып калды. Айтып берсем, «бара бериңиз - Сиздики туура экен» деп узатып койду. Бирок профессор аябай кыйнады: 22 жолу зачётко кирдим! Акыры, баари бир кечирим сурабайт экен деп зачёт коюп берди. Ошондон кийин аны менен достошуп калдык. Ушул күнгө чейин мамилебиз жакшы (ошондуктан аты-жонун айтпай жаздым).
PS. Эмне үчүн бул окуяларды жазып чыктым? Чындык жана укугум үчүн күрөшсөм - партиясынын чечимине жана мыйзамга баш ийбеген жанын жуткандар, оозу бузуктар, чындыкка чычалагандар мени өзүмдү «кылмышкерге» чыгарып коюшуп, оозго келбес уят сөздөр менен согуп, үй-бүлөөмө чейин асылышып, өлтүрөбүз деп коркутканга чейин барышып, социалдык желелерде алдына фейктер менен зомбилерди салып алышып жемелегени жана жемелегени!
Ошондуктан СССР мезгилинен эле эч кимден коркпой, студент гана болсом, чындык, адилеттүүлүк жана укуктарым үчүн күрөшүп келгенимди мисал катары жаздым. Ал мезгилде КПСС тен жана КГБ дан баары коркчу.
А азыр «демократия», «сөз эркиндиги» деп коюп мага чабуул жасалгандык, оозумду жабуу аракеттер пайдасыз жана натыйжасыз! Чындык, адилеттуулук жана укуктарым учун күрөшүүнү ОшМУнун окутуучусу катары да, Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты катары да, Кыргыз Республикасынын тунгуч Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары да, Элчи катары да, ЭрК партиясынын лидери катары да эч качан токтотпогонмун жана токтотпоймун да», - деди Бакир уулу.
Булак: NazarNews.kg