www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис чачты кулпурта турган азыктарды тизмектеди

Чачты жылтыратып, аны бекемдөөгө кандай каражаттар жардам берерин трихолог, косметолог Екатерина Титушкина Lenta.ruбасылмасына айтып берди.

Анда адис чачты калыбына келтирип, өңүнө чыгаруу үчүн тамак-ашка белокту көбүрөөк колдонууну сунуштаган.

"Жумуртка, балык, эт, буурчак организмди аминокислоталар менен камсыздап, чачты бат өстүрөт. Ошондой эле чачтын узаруусуна темир керек. Бул элементти боор, уйдун эти, деңиз азыктарынан жана гречкадан алса болот", — деген Титушкина.

Ошондой эле чачка кам көрүүнү калаагандарга курамында селен заты бар козу карын менен сарымсак жеген пайдалуу болору айтылды.

"Селен заты зайтун майынын, деңиз балырынын, буурчак жана мистенин курамында бар. Мындан тышкары, сулуулукка В группасындагы витаминдер менен С витамини дагы зарыл", — деп кошумчалаган трихолог.

Жогоруда айтылган витаминдерди жер жаңгактан, таттуу калемпирден, брокколи, цитрус жемиштеринен, шпинат жана капустадан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости