www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин чалгын кызматынын былтыркы октябрдагы кандуу окуяга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) UNRWA (Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу) агенттигинин кызматкерлеринин катыштыгы тууралуу алты беттен турган баяндамасында жалпысынан 190 киши боюнча сөз болгонун бүгүн 29-январда Reuters агенттиги билдирди. 

Reuters айрым өлкөлөрдүн UNRWA уюмун каржылоосун токтото башташына себеп болгон бул баяндама менен таанышып чыкканын, анда уюмдун 190го жакын кызматкери, арасында мугалимдер ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) же «Ислам жихадынын» согушкери болгону тууралуу маалымат бар экенин, алардын 11инин аты-жөнү жана сүрөтү тиркелгенин жазды.

11 кишинин бири Израилден бир аялды уурдоого көмөктөшкөнү, дагы бири – UNRWA уюмунун социалдык кызматери, өлтүрүлгөн израилдик аскердин сөөгүн Газага жеткирүүгө, кол салууга катышканы, курал-жарак ташыган автомашиналардын кыймылын координациялоого жардам бергени, айрымдары чек арадагы жөөт кыштагынын тургундарына кол салууга, аларды өлтүрүүгө тиешеси бар экени маалымдалды.

UNRWA өкүлү бул баяндама боюнча комментарий бере албай турганын, БУУ деңгээлинде териштирүү жүрүп жатканын айтты.

26-январда аталган уюм бир нече кызматкерин иштен кетиргенин, себеби алар 7-октябрдагы кол салууга катышкан болушу ыктымал деп айыпталып жатышканын маалымдаган.

Бул окуядан кийин агенттиктин АКШ жана Германия баштаган ири донорлору, жалпысынан ондон ашуун өлкө аны каржылоону токтоторун айтып чыгышкан.

Газадагы азыркы согуштун айынан оор абалда турган 2,3 миллиондой палестиналык жай тургун күн сайын жардам алып жаткан UNRWA агенттиги үчүн бул чыр өтө чоң көйгөйгө айланууда.

Агенттик 29-январда билдиргендей, эгер каржылоо калыбына келбесе, февраль айынын соңунда Газага жана жалпы аймакка жардамын бере албай калат.

БУУнун UNRWA агенттиги 1948-жылы негизделген. Газа секторунда анын 13 000 өкүлү иштейт.

Агенттик ага коюлган айыпты четке кагып, жардам берүү менен гана алектенерин айтууда. 

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости