www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алган соң вирус жугузуп алуудан сактануу керек. Ошондой эле эмдөөнүн алгачкы күндөрү оор жумуш жасабай эле койгон туура экенин РИА Новости агенттигине инфекционист-дарыгер Андрей Поздняков билдирди.

"Биринчи дозаны алган соң организм антитело пайда кылуу үчүн болгон күчүн жумшап иштей баштайт. Ушул учурда организмге "тирүү вирус" кирип кетсе кесепети начар болушу мүмкүн. Мисалы, көп органдар жабыркайт", — деди дарыгер.

Анын айтымында, адам болбой эле вирус жугузуп алса, экинчи дозага чейин дарыгерге кайрылып кеңеш алуусу керек.

Мындан тышкары, адис вакцина алгандан кийин 2-3 күн өзү кыйналып турган организмди оор жумуш жасап, ого бетер алсыздандырбаш керектигин кошумчалады.

"Айрым учурда вакцинадан кийин антитело калыптанбай калган учурлар болууда. Бирок бул вакцина вирустан коргой албайт дегенди түшүндүрбөйт. Иликтөөлөр боюнча 1 миллион кишинин арасынан 50 миңинде вируска каршы иммунитет калыптанбай калууда. Айрым организмдердин өзгөчөлүгүнөн улам пайда болгон антителону деле кадимки ыкмалар менен аныктоо мүмкүн болбой калышы ыктыма", — деди Поздняков.

Учурда коронавирус боюнча абал көп өлкөлөрдө курчуп, адистер оорудан арылуунун бирден-бир жолу эмдөө экендигин бир ооздон айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости