www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Сузакта сел агызып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Сузак районунда сел агызып кеткен алты жашар кыздын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 20-июлда, саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагындагы Достук, Чаңгыр-Таш айылдарына кокту-колоттордон түшкөн сел алты жаштагы кызды агызып кеткен. Суу турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак — Кара-Дарыя жолун каптаган. 

Бөбөктү табууга жана селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу жана 50 куткаруучу, айылдык 30 тургун жана техникалар тартылган.

"Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, кыздын сөөгүн туугандары тапкан", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында. 

Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости