www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк соту Кумтөрдүн мүлкүн камакка алуудан баш тартты

Нью-Йорктогу банкроттулуук боюнча сот Кумтөрдүн мүлкүн жана эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчтү убактылуу канааттандырган жок. Бул тууралуу Кумтөргө сырткы башкаруучу катары дайындалган Теңиз Бөлтүрүк "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 19-июлда Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Г. Бекерман "Центтера Голддун" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын караган.

Анда адвокат Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алууну суранган.

Бөлтүрүктүн айтымында, ишти караган судья арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартып, 17-августтагы сот отурумунда кароо чечимин кабыл алды.

Теңиз Бөлтүрүк “Кумтөр” ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керектигин билдирди.

Соңку соттук процесс боюнча “Центерра Голд” комментарий бере элек.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны май айынын ортосуна чейин канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келген. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости