www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы июнь айы адам баласы климатка көз сала баштагандан берки эң ысык мезгил болуп, өзгөчө Канада жабыркады. Бул тууралуу ВВС жазып, бул мамлекетте жүздөгөн кишилер көз жумганын кошумчалады.

Бирок канча адамдын аптаптан өлгөнүн тастыктап, бирок маалымат кеч берилип жаткандыктан так цифраларды көрсөткөн эмес.

"Быйыл Түндүк Америка, Европа, Россиянын айрым аймактары менен Азиянын кээ бир мамлекеттери ысыктын азабын тартууда. Климатты карап туруучу европалык Copernicus программасы быйылкы жайда ысык боюнча бир топ рекорддор жаңыланганын билдирди", — деп айтылат макалада.

Ал эми Оксфорд университетинин Айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча институтунун профессору Фредерика Отто аптаптуу аба ырайы адамдын өмүрүн башка жаратылыш кырсыктарындай эле алып кетип жатканын айтат.

"Учурда ысыктан улам үйүндө жүрүп билинбей эле өлүп калгандар көп. Антейин десең, көчөдө баратып эсин жоготуп, ошол жерде үзүлүп жаткандар дагы аз эмес", — деди ал.

Мындан улам окумуштуулар жакынкы 10 жылдан тарта эле кургак жерлердин көпчүлүгү чөлгө айланып, атургай планета жашоого жараксыз болуп каларын божомолдоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости