www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам заңдап турбаса ичи катып өлүп калат. Алар заңдаш үчүн талаада жүрсө көмүскө жерлерди табышат, айыл, шаардан туалетке, уборныйга, Ак үйдөн депутаттын эшигинин алдына барышат.Туалеттер да ар түрдүү, депутаттардын туалеттери мрамордон жасалган, криссталдай таптаза.Бардыгынан мыктысы эле депутаттардын эшигинин алды экен. Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда белгисиз адам депутаттардын биринин эшигинин алдын булгап кеткен. Бул тууралуу АКШда 5 жылдык визасы бар депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, депутаттар жыйында мыйзам долбоорлорун карап жаткан учурда аталган «өтө сүйкүмдүү» окуя болгон.

"Депутаттар жыйында мыйзам долбоорлорун, Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маселени карап жаткан учурда белгисиз адам ичи ооруганбы же жетишпей калганбы бир депутаттын эшигинин алдын булгап кетиптир. Сасыктыгын айтпагыла, сөз менен жеткирип бере албайсың», — деп жазган депутат.

Кенжебек Арыкбаев, деген таланттуу журналист бар, ал депутаттарды ой-да катырыптыр: «Бүгүн Жогорку Кеңеште «камандар катуу күркүрөдү». Өздөрүнүн башындагы «төөнү» көрбөй, көпчүлүктүн башындагы чөптү көрүп. Жалпы жыйын башталаар менен «ар, намыс» жөнүндө «кошок» кошуп. «Бизди сындап жаткандардын оозун жабалы», «ага карата мыйзам чегинде бөгөт койолу», «сындагандарга чара көрөлү,эртерээк» дегендей эле дешти, бир тобу.Туура, алардын бир сөзүнө кошулса болот, «ар демелерди агыта берген фейктерге карата чара көрөлү» дегенине. Чыны менен эле «120лар» айткандай чындап эле сын айткысы келсе жүздөрүн ачык чыгарышсын, ошол «фейк» аттуулар. Бирок, «бир уйдун мүйзү сынса миң уйдун мүйзү сынат» болгондой жалпы журналистикага акраат айтпагыла, эй «ар-намыстуулар»! (Дүйнө журналисттеринин башын бириктирген «Эл аралык журналисттер федерациясы», «Журналисттердин Эл аралык борбору», «Чек арасыз репортерлор» атуу бирикмелер текей оттоп жүрүп түзүлгөн эмес.Алар журналистикадагы функцияны калыптандырып турат. Адамдагы башкы баалуулук болгон Сөз эркиндигин Чолпонбайдай коргоп.) Чыныгы журналистика бул коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип туруучу кесип! Бул жашоодо миң түркүн түстөр бар сыяктуу ар түркүн пикирлер бар, алардын бири кимдир бирөөгө жакса, бирөөгө жакпайт.Ошон үчүн сын. Сын болсо эч качан татуу болбойт. Туура сындын түпкү максаты, ниети таза, каталар оңолсун, жамандар жоюлсун деген маани.

Эгер силер айтып жаткан мыйзамдын тили менен айтсак өзүңөр кимсиңер? «Б/Усуңар!» Мөөнөтү эбак бүткөн «просроченныйсыңар». Же жалганбы? Жана да КРнын Эмгек кодексин бузган накта «силерсиңер». Кааласаңар жумушка келесиңер, каалабасаңар жок. Отурган иш ордуларыңардан каалаган учурда басып да кетесиңер. Негизи эле орустун классик акыны Н.Некрасовдун «Кому на Руси жить хорошо?» деген белгилүү ырындагы ошол кездеги помещиктердин жыргал жашоосу сүрөттөлгөн образдагы персонаждардай эле таасир калтырасыңар.

«Урматтуулар», силер депутат болобуз деп чимирилип жүргөнүңөрдө элге эмне деген гана убадаларды айтпадыңар. Далайыңар «элдин кулу болобуз» дегенге чейин барыдыңар.Өткөндө «Супер ТV» маалымат порталында тээ Акаев доорунан бери эл өкүлү болуп келаткан депутат Нышанов (азыр ЖКда «Ата Мекен» фракциясынын чоңу болуш керек) ошол сүйлөп жатат, «азыркы депутаттардын 90 пайызы элге берген убадаларын аткарган жок, жалган убадалар менен элди алдап келишти» деген таризде. Кызыксаңар, өзүнөн сурап алгыла. Анан да өткөн жылдын 28-октябрынан бери чыгарып аткан «мыйзамыңар» качандыр бир кездерде мыйзамсыз экени аныкталышы да мүмкүн.

Өзүңөр мыйзамды сактайлы дейсиңер, адатта жыйын башында публика үчүн элге күйүмүш болгон «жалындуу» сөзүңөрдү сүйлөйсүңөр да андан көп өтпөй канчаңар көздөн кайым болуп кетесиңер. Бүгүн деле ошенттиңер, далайыңар.

Негизи, парламент деген коомдогу жакшы менен жаманды фильтирлеп, жаман менен жакшыны бөлүп, эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө. Элдин эң Жогорку кеңешүүчү аянтчасы! Ошол Жогорку Жыйында кара кылды как жарган, элди коргогон акыйкаттын накта жоокерлери болуш керек эле. Бир кездерде Жогорку Кеңеш деген түшүнүк чындап эле тазалыктын үлгүсү болчу. Т.Усубалиев, А.Масалиев, Д.Садырбаев жана башка дагы далай элдин чыныгы өкүлдөрү болгон, улуттун сыймыгы болгон бир топ асыл инсандар бар болчу. Журналистердин көбү алардын сөзүн укканы умтулчубуз. Андай чакта (азыркы тыпыйган Өкмөт үйүнүн имаратында) ЖК жыйын өткөрүп аткан учурда качан болсо баш баксаң биринчи кабаттагы пресс борбору менен жыйындар өтчү залдын балконунда отураарга жер жок болчу. А силердечи? Элдин элитасы аталгандар? Элита деген улуттун акыл эси, ар намысы! Чыныгы элитаны эл ээрчийт, аларга карата түздөнөт, демденет! Элитанын тамшандырган миссиясы ошондо! Акыркы 2-3 жыл аралыгында эл оозунда не деген гана атка конгон жоксуңар. Айткылачы, эмнени кыйратып атасыңар? Өзгөчө акыркы учурда экономикабыз эңшерилип, баалар күн сайын асманга учуп, карапайым элдин социалдык абалы дээрлик оор абалга тушугуп калган кырдаалда? Анда-санда бирдемелерди күбүрөмүш этип, анын көбү эч нерсе толук чечилбеген «болтовня» жыйындар менен эле коштолуп калып атпайбы. Өткөн жылы эл дем ала албай пандемиянын чеңгэлинде калып айласын таппай атканда, дары-дармектер 10 эмес 30-40 эселеп өсүп атканда бири-бириңерди «жытташып, ардактуу грамоталарды тапшырышып эс алууга тарап кеткениңерчи!

Тескерисинче ошондой кырдаалдарда болоттой курч чечимдерди чыгарышыңар керек эле! Керек болсо күнү-түнү иштеши керек болчу Себеби, статусу жагынан силерге ошондой укук кенен берилген.Калк башына ушундай оор абал түшкөндө элдин артында эмес, алдында туруп, журтту тар жол, тайгак кечүүдөн өткөрүп кетүү силердин негизги миссияңар экенин билээр бекенсиңер! Ошондуктан Баш мыйзамда силерди «Элдин Өкүлдөрү» дейт.

Бирок, бир тобуңар мококтугуңарданан, жүдөөлүгүңөрдөн, коркоктугуңардан (силерди шайлаган) элдин тагдырын чечүүчү маселелерге келгенде дээрлиги сөз жүзүндө, алдагы залдын ичинде эле калып атпайбы. Азыр карагылачы, калктын саламаттыгы кандай оор абалга кептелип турат. «Ковид» деген желмогуздун саны пикке чыгып баратат, күндөн-күнгө. Ошол сферага тийиштүү бир министрди тоголотконго алыңар жетпейт да, катардагы карапайым фейктерге асыласыңар. Деги эле көпчүлүгүңөрдүн дал ушундай жүрүм-турумуңар менен коом чындап деградацияга учурап уят, сыйыт, нрава деген ыйык баалуулуктардын ордуна жалаң интригандар, саткындар, хамелондой өзгөрүлгөндөр, «кошоматка кой эмес, өгүз сойгон шумпайлар, «кал...ласында» акыл бүдүрлөрү жука болсо да чоң болуп чочоңдогондордун замандын орношуна себепкер болуп атасыңар...

Ушундай абалдын жыйындысында кыргыз журту Элдин Эң Жогорку Кеңешинде Бакайын таппай турат, бүгүн! Кошойун жоктоп турат! Эл өкүлдөрү деген «элиталарыбыз» болсо кеменгер кептерин айта албай, кайсы бийлик келсе ошол чоңго «чокой» болуп, алардын айткан сөздөрүн ардактап кайтарып турган «койчудай» эле болуп калышты? Керек болсо улутубуздун идеологиясынын өзөгү да так ушу Жогорку Кеңеште болуш керек болчу!

Кыскасы, кезинде акылман адабий сынчы Генрих Гейне айткандай «Баатырлар жок кезде аренага маскарапоздор чыгышат» деген накта биз болдук. Ошентсе да адам үмүт артат экен. «Жаман болбой жакшы жок» деп сооротот экенбиз өзүбүздү.Кыргыздын таалайына Үркөр жылдызындай болуп бир келип, кайра метеориттердей бир учуп кеткен тубаса кеменгер, акылман, Абдрахманов, Орозбеков, Сыдыков, Арабаев, Тыныстанов, Исакеев сыяктуу эли үчүн баштарын канжыгага байлап, кан-жанын аябай күрөшкөн элибиздин мыкты ЭЛИТАЛАРЫ акыры аренага чыгаар дейт экенсиң.

P.S.ордуна: Мен, бул ойлорум менен жумурткадан кыр издегеним жок.Өлкөбүз, өлкөбүздүн эл башындагы элиталарыбыз жаркыраса экен деген гана кыялга ширелген көксөөм. Кыял болсо дүрбүгө окшош, бир жагынан карасаң жакындатса, бир жак жагынан карасаң алыстатып атпайбы...!»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости