www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязовду жана Канат Сагымбаевди Бишкектеги СИЗО-1де кармоо үчүн алар эч нерсе жасаган жок. Бул тууралуу айыпталуучунун адвокаты Замир Жоошев бүгүн, 3-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

«Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов судьяга кысым көрсөтүүнү уюштурган деп шектелип кармалганын эсиңиздерге салайын. Болжолдуу түрдө, алар 6-октябрда эртең менен Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жаткан соттун үйүнө Алмазбек Атамбаевдин 30-40 тарапташтарын жөнөтүп, айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мажбурлашкан. Бирок, алар сотко кысым көрсөтүүнү уюштура алышкан жок деп ишендире алам. Анткени, алар өздөрү ал убакта камакка алынып жана окуяга байланышы жок эле. Алар ошондой эле 9-октябрда Ала-Тоо аянтында башаламандык жана массалык мушташ уюштурган деп айыпталууда. Бирок, Фарид Ниязов ошол күнү митингчилердин алдында сөз сүйлөгөн эмес. Канат Сагымбаев гана сөз сүйлөп, тескерисинче провокацияга алдырбоого үндөгөн», – деди ал.

Адвокаттын айтымында, бул ишти кароодо анын кардарларына ашыкча катаал бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

«Мен алардын баш коргоо чарасын үй камагына которуш керек деп эсептейм, анткени алар эч качан тергөө жана соттон жашынып калуу же тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү аракетин көрүшкөн эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коррупциялык иштерге тиешеси бар адамдар дагы үй камагына алынууда», – деди Замир Жоошев.

Ошондой эле, ал мамлекеттик айыптоочу анын жүйөөлөрүн угуп, кабыл алат деген үмүтүн билдирип, кардарларынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Башкы прокурорго кайрылды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости