www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Баш мыйзамга байланыштуу талашта элге суроо берип, элдин пикири менен эсептешисүү зарыл. Мындай пикирди Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--"Урматтуу мекендештер, бүгүн Кыргызстан 30 жылдан бери күткөн күн келди. Мамлекет, эл, коом жашай турган башкы мыйзамыбыздын тагдыры чечилип жатат. Буга байланыштуу кайдыгер карап турбастан кайрылуу жасоого туура келди. Мен эки тараптуу адамдарга дагы кайрылам. Бул Баш мыйзам 30 жылдан берки тарыхый окуялардан дагы маанилүү. Андыктан Садыр Жапаровго, ар бир саясатчыларга, депутаттарга жана идея көтөрүп жаткандарга, ошону менен катар карапайым элге кайрылам. Бул маселени кадырлуу элибиз түшүнүп, билиши абзел.

Эгемендик алгандан бери Конституцияга бир канча жолу өзгөртүү киргизилди. Мында бийлик кимге тийсе ошонун каалаганы менен болуп жатты. Карапайым элдин пикири менен эч ким эсептешкен жок. Президенттер өздөрү билемдикке салып өзүнүн адамдары менен тар чөйрөдө өзгөртүп, жамачылап келишкен. Бизде парламенттик система болгону менен ал иштебей, президенттик башкаруу гана болуп жатат. Мыйзамсызды президенттер башкарып келген. Баш мыйзамга каршы чыгып иштегендердин алдында жашап келебиз.

Ал эми акыркы жолу конституция өзгөрүптүр. “Садыр Нургожоевич сизди кудай сактады. Сиз 80 депутаттын колдоосу менен өзгөртүлгөн Конституцияны байкап калдыңыз. Бул элге ачык чыгып калды. Күтүлбөгөн жерден тар чөйрөдө жаңы долбоор даярдалып, 80 депутаттын колу коюлганы ачыкталды. Садыр Нургожоевич Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиев жана калган президенттердин айланасында эшигин сагалап жүргөн адамдар сизди тегеренип жүрөт. Аларга ишенип, алданып калбаңыз. Алар дагы сизге кошомат кылып, сизди жаңылтканга аракеттенишет.

Андыктан карапайым элге кайрылып, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, алардын пикирин угуңуз. Президенттик башкаруу жана парламенттик башкарууга өтөлүбү деп сураш керек. Анан элдин тандоосу менен гана багыт алганыңыз туура", - дейт Азимбек Бекназаров .

Булак: NazarNews.kg

Последние новости