www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак үйдөгү” оңдоо иштери айрым депутаттардын жана курулуш компанияларынын жардамы менен жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жыйындар залын калыбына келтирүүгө өз салымын кошту.

«Биз бюджеттен акчаны бир аз болсо да үнөмдөп калдык. Ошол эле учурда 11 миллион сомго компьютердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган. Ушул сумманын жок дегенде жарымын өзүбүз төлөп койсок жакшы болмок. Бул PR эмес, бюджетке реалдуу жардам, айрыкча азыркы учурда акчаны үнөмдөө керек. Программалык камсыздоону сатып алууга тендер жарыяланган, биздин патриоттор бул нерсени символикалык суммага – 200 миң сомго жасай алабыз дешти. Керек болсо, алар манжа изи менен добуш берүү тутумун түзө алышат», – деди Марлен Маматалиев.

Эске салсак, Бишкектеги башаламандыктан кийин митингчилер “Ак үйдүн” кеңселерин талкалап, кеңселерди өрттөшкөн. Ал учурда Марлен Маматалиев, Ак үйдү оңдоп түзөө иштерин депутаттар өз чөнтөгүнөн чыгарып, керек болсо айым депутаттардын жүгүн жеңилдетип, алардын ордуна мырзалар акча төлөшсүн деген ой менен чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости