www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Жыйында мыйзам долбоору тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков маалымат берди.

Мыйзам долбоору 2018-жылдын 14-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4-пункттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келгендигин таануу жөнүндө чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу иштелип чыккан. Муну менен катар «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Андан сырткары, бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун карап, аны да үч окууда добуш берүүгө жөнөттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости