www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жүрөктүн үшүн алган COVID-19 атыккан каардуу карааны ааламды түрө кыдырып жүрөт. Бул дартка миллиондогон адамдары чалдыккан АКШда териси кара пенденин ажалы үчүн коронавирусуна кайыл болуп дүрбөшүп, башаламандыкка жол берип жатышат. АКШнын башында турган еврейлер таап келип жараны ырбатуу үчүн койгон маскарапоз сымал Дональд Трамп өз элине Армиясын коюп, замбиректер менен аткандан да кайра тартпасы белгилүү болуп калды. АКШ тытышса тытыша берсин, “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” ушундай коронавируска малынып турганда  Кыргызстанга  митингдердин кереги барбы?

Акыркы мезгилде маалыматта коронавируска карабай  митингдер болот экен деген имиштер тарап кетти. Башкысы митингдер, чаң тополоң башталса стабилдүүлүктүн кереги жок, кайсы деструктивдүү күчтөргө пайда:

  1. Криминалдык күчтөр, ушундай элдин башына күн түшкөн оор кырдаалдан пайдаланып, борборубузда мародерчулук кылып, мамлекеттин май-талкан жана чече турган жерлерине өз кишилерин коюп, бизнести, бажыны контролдукка алганын мурунку бийлик алмашууларды көрсөттү.
  2. Мурунку бийликтин жегичтери бийлик алмашып кетсе, өз ордубузга барып, кайра кусуп жаткандарыбызды жейбиз деген таттуу кыялдар менен жүрүшөт.
  3. Үчүнчү күчтөргө, дүйнөдө көп полярдуулукту колдоп, жалгыз АКШнын бийлик монополиясына каршы күчтөр түзүлүп жаканда, бир гана АКШ дүйнөлүк лидер болсун деген топ бардык тартипсиздикти колдошу мүмкүн. Алар Кыргызстан Борбордук Азияда бир нече чаң тополоңдорду башынан өткөзгөнүн билет, алар биздин мамлекетти Кыргызстанда «слабый» звено катары түшүнөт да акча каражаты менен «тентектерди» колдошу мүмкүн.

 Кимдерге зыян?

  1. Жалпы кыргыз элине. Кыргыз эли түшүнүп калды бийлик алмаштырабыз деп чырактай балдарынан, жан курбуларынан ажыраганы менен бийликке баягы эле бийликти колтуктап кыргыздын мүдүрүн калтырбай соргондор келишип, элдин ырыскысына кайрадан кол сала бергени сабак болду. Эми эч ким кимдир бирөөлөрдүн Кыргызстанды жеши үчүн кайрадан баш көтөрүп чыкпайт.
  2. Кыргызстандын экономикасына. Эки болуп өткөн бийлик алмаштыруу Кыргызстандын экономикасын таптакыр алсыратып таштаганын элге көрсөттү. Ал эми карыз болсо кийинки бийлик башында да улантылып, ичип жегендердин уюгу кала бере турганы түшүнүктүү болду. Бийлик алмаштыруудан экономика өспөй, кайра түшөөрү белгилүү болду.
  3. Кыргызстандын саясаты ар кимге оюнчук болуп калат экен. 2005-жылдагы бийлик алмаштырууда Орусиянын ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский ачык эле: «Кыргызстанды экиге бөлүп салып, бирин Өзбекстанга, бирин Казакстанга берип коюш керек» -деп дүйнөгө жар салган. Кийинки бийлик алмашууда да көп мезгил боюу Кыргызстан саясатчылардын тепсендисинде калды. Кыргызстанды ар ким жамандай бергенден сактаналы.

Деги кыргыз элине азыр ызы-чуунун кереги жок, анда кимге керек? Албетте, жанагы эле кызматка жетпей калып ич күйдүүлүгү менен от жагып жаткандарга гана керек. Эл улам-уламкы ар кимге жем болгондон тажашты, элге экономиканы көтөрүп, бюджеттегилердин айлык акысын жогорулатуу гана керек. Ар кандай таратылып жаткан ушактарга эл ишенбей калды, эмне кечээ эле ичип жеп камалгандарды кайра алып келип, алардын элдин ырыскысын жешине көмөк көрсөтөлүбү?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости