www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын башчысы жана тоннелдик бекеттердин жетекчилери кармалды. Жалпысынан 12 жооптуу кызматкер колго түштү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 10-июнь күнү Финансылык полиция кызматкерлери Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Мамлекеттик дирекциянын башчысы Ж.Б, “Сосновка” жана “Кара-Көл” тоннелдик бекеттеринин жетекчилерин “Коррупция” беренеси менен колго түшүрүшкөн.
Алдын ала эсептөөгө ылайык кармалган кызматкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам бюджетке 20 миллион сомдук зыян келтирилген.
Учурда бул иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин башка жооптуу кызматкерлеринин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн аталган ири коррупциялык схемага тиешеси бардыгы же жоктугу текшерилип жатат.
Булак: NazarNews.kg