www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластын тургундары акыркы күндөрү бет кап тагынбай, өздөрүн таштап койду дейт өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Бул тууралуу ал облус аймагындагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатканда билдирди.

"Коронавирус инфекциясы биздин өлкөдө катталган күндөн тарта илдеттин облус аймагына жайылышын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрдүк. Дээрлик 85 күн бою облусту "таза" кармадык. Бирок акыркы күндөрү элдин бет кап тагынбай, көчөлөргө көп чыгып, кайдыгер мамиле кылуусунан илдет бизде дагы катталды. Мындан улам облустун бардык тургундарына кайрылып, биримдикте болуп, көрсөтүлгөн алгоритмди сактоого чакырам. Биз санитардык талаптарды аткарсак илдетти жеңип кете алабыз деп ойлойм.

Негизги ишибиз оору аныкталган бейтаптарыбызды айыктырып, алар менен байланышта болгондордун баарын текшерүүгө алуу. Ушул иштерди аткарып алсак илдеттин облус аймагына жайылышын токтото алабыз", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости