www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшерди. 

Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысы Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Автомобиль жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык, жолдун узундугу 105 кмди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө. 

Андан ары ал узундугу 60,5 км болгон Каракол-Токтогул-Жыргалан автомобиль жолунун курулуш долбоору менен таанышты. Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына ошондой эле узундугу 75 км болгон Балыкчы-Барскоон-Каракол автомобиль жолун жана узундугу 16,9 км болгон Жети-Өгүз-Койсары автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталды. 

Автомобиль жолдорунун курулушун каржылоо республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу региондун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга жана Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Последние новости