www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан калкыбыз дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Фермерлерибиз акыркы кездери асыл тукум мал чарбачылыгына өтүп жатат. Өлкөбүзгө кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дары-дармектер кирип жаткандыгын, аларды сертификаттан өткөрүүнүн жол жобосун билүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун башкы адиси Иманалы уулу
Адылбекти кепке тарттык.

--Адыл мырза саламатсызбы, сиздердин борбор кандай иштерди аткарат

--Саламатчылык, биздин борбор Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын каттоо менен иш алып барат. Бизге келип түшкөн ветеринариялык дары-дармектер тийиштүү эксперттерге жөнөтүлөт. Андан кийин биздин лабораториядан текшерүүдөн өтүп, сапаты тастыкталат. Лабораториябызда атайын жандыктар бар, биз аларга эксперимент жүргүзөбүз. Ошонун жыйынтыгы менен каттоо күбөлүгүн беребиз.

--Сиздерден алынган сертификаттын көчүрмөсү милдеттүү түрдө ар бир ветеринардык аптекаларда болушу зарылбы?

--Сиз эң туура суроо бердиңиз, сатууга келген ар бир ветеринардык дары-дармектердин сертификаты ар бир ветеринардык аптекада болушу керек. Фермерлерден суранат элек, дары алып жатканда анын сертификатын сураңыздар. Анткени, дарылар контрабандалык жол менен да келген болушу мүмкүн.

--Былтыркы жылы канча дарыга сертификат бердиңиздер?

--Өткөн жылы биздин борбор 147 аталыштагы ветеринардык дары-дармектерди каттоодон  өткөрдү. Андан сырткары 30 аталыштагы ветеринардык дары-дармектердин каттоо документтери токтотулуп, эки тоют кошулмасы техникалык регламенттин талаптарына жооп бербегендиктен артка кайтарылды. 441 аталыштагы дары-дармектер сертификациядан өттү.

--Эгерде, сиздерден каттоодон өтпөгөн дары-дармектер өлкөгө киргизилген учур аныкталса кандай чара көрүлөт?

--Ветеринардык инспекция көзөмөл жүргүзүүчү орган болуп эсептелет. Биз аларга кат менен кайрылабыз, калган иштерди алар жүргүзүшөт.

--Сиздерден сертификат алуунун мөөнөтү канча убакытты түзөт?

--Тийиштүү документтерди топтоп келген соң, биз бир жуманын ичинде ошол дарынын шайкештик сертификатын беребиз.

--Кыргызстанга былтыркы жылы кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дарылар кирди

--Биздин өлкөгө көбүнчө Россиядан, Кытайдан, Белорусия жана Украинадан көп дары-дармектер келет.

Убакытыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык
билдиребиз.

Последние новости